Бишкекте жаштардын “Жаңылануу” конгресси өтөт

Жаштар.

Бул тууралуу конгрессти уюштурууга демилгечилердин бири Айбек Мырза “Азаттыкка” билдирди:

-Конгресстин максаты – жаштарды, жаш саясатчылардын, интеллигенциянын, маданият жана башка тармактардын жаш өкүлдөрүн чогултуп, мамлекеттин келечегине жоопкерчилик алуу. Бүгүнкү жыйында мына ушул маселе күн тартибиндеги негизги маселе.

Айбек Мырзанын айтуусунда, конгрессте Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча да пикирлер айтылат. Ошондой эле жаштар эч кайсы саясий күчтөргө, партияларга көз карандысыз, коомдук-саясий кыймыл түзүүнү көздөшүүдө.

Конгресс 5-октябрда Бишкекте өтөт.(ZKo)