“Референдумга - жок” кыймылы добуш берүүнүн электрондук түрүн да жайылтууда

Рита Карасартова.

Аталган кыймылдын мүчөсү Рита Карасартова “Азаттыкка” маалымдагандай, бул үчүн атайын сайт да түзүлдү:

- Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдумга каршы пикирин мекендештерибиз Фейсбуктагы атайын баракчада билдире алышат. Ал баракча кимдер кирип, кол койгонун санап, маалымат берип турат. Ошондой эле change.org деп аталган сайт ачканбыз, Жогорку Кеңешти таркатууга макул болгон жарандар ал сайттагы петицияга кол коюшса болот. Петиция белгилүү бир күнү президентке жана парламент жетекчилигине тапшырылат.

Демилгечилердин белгилешинче, петицияга кол койгондордун аты-жөнү каалоосуна жараша көрсөтүлөт же жашыруун калтырылат.

Кыймылдын маалыматы боюнча, парламентти таркатууга жана Референдумду өткөрүүгө каршы кагаз жүзүндө добуш берүү аймактарда да жүрүп жатат.

Жогорку Кеңеш “Референдумду дайындоо” боюнча мыйзам долбоорун 29-сентябрда биринчи окуудан жактырган. Аталган мыйзам дагы эки окуудан өтсө, 4-декабрда Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдум болот.(ZKo)