Сузак: жер көчкүдөн жабыркагандарга башка жер берилет

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө токтомго кол койду.

Бул токтом Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алмалуу-Булак айылынын жер көчкүдөн жабыркаган тургундарына жана жер көчкү коркунучу бар башка участоктордо жашаган жашоочуларга жер участокторун берүүгө багытталган. Ага ылайык, Кызыл-Туудагы 35 гектар кайрак айдоо жери “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулат.

Токтомго ылайык жаңы жерге электр линиялары тартылып, каржылоо булагын аныктоо тапшырмасы жергиликтүү бийликке берилип, иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө өкмөт аппаратына жүктөлдү.

Быйыл апрелде Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкүдө сегиз там керектен чыгып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 150 үй-бүлөнү тез арада коопсуз жайга көчүрүү сунушун берген. Табигат кырсыгынан кийин аймакта электр жарыгын берүү токтотулуп, 160 окуучу билим алган орто мектеп жабылган болчу. Бирок өкмөт убагында жашоочуларды жер тилкеси менен камсыздай албаган соң сентябрда мектеп ачылып, айылга электр жарыгы туташтырылган. Тургундарга 2017-жылдын апрель айына чейин аймакта жашоого уруксат берилген. (SDz)