Казакстан журналисттер бирикмесинин төрагасы жана уулу соттолду

Сейитказы Матаев (солдо) менен уулу Асет Матаев (оңдо) Астанадагы сот залында, 3-октябрь, 2016-жыл.

Астана шаардык соту Казакстандын Журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейтказы Матаевди салыктан качуу жана мамлекеттик каржыны кымырып алуу боюнча күнөөлүү деп таап, 3-октябрдагы өкүмү менен алты жылга эркинен ажыратты. Анын уулу, КазТагдын директору Асет Матаев беш жылга кесилди. Алар коюлган айыптарды четке кагууда.

Укук коргоочулар Сейтказы Матаев Журналисттер бирикмесинин төрагасы катары ишмердүүлүгү үчүн соттолуп жатканын билдирүүдө. 61 жаштагы Матаевдин ден-соолугуна байланыштуу соттук жараяндар бир нече жолу кийинкиге которулуп келген эле. (AiT)