Кыргыз-өзбек өкүлдөрү Анжиянда кездешти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Көп жылдык салкын мамиледен кийин Өзбекстан биринчи жолу Кыргызстанга эшик ачты. Өздөрүнүн чакыруусу менен барган кыргыз делегациясын коңшулар болуп көрбөгөндөй жылуу кабыл алды. Алар алгач конокторду Анжиянды түрө кыдыртып, ыр-бий менен дасторкон толтуруп коноктоду. Сапардын соңунда тараптар эки өлкөнүн мамилесин жөнгө салчу меморандумга кол коюшту. Анжиянга барып келген кабарчыбыз Эрнист Нурматовдун репортажын сунуштайбыз.