Анжияндагы кыргыз-өзбек достугу

Ташкенттин өзүнүн атайын чакыруусу менен барган кыргыз делегациясын “Достук” чек ара бекетинде Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов башында турган расмий өкүлдөр тосуп алды. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жетекчилери, маданий ишмерлер жана улуттук борборлордун башчылары болуп, Кыргызстандан жалпы 130 адам барды. Аларды өткөрмө пункттан ары өзбек тарап төрт-беш автобуска салып алып кетти.

Анжиянга чукулдаган жолдо коңшулар кыргызстандыктарды алгач эле “Бабур жана дүйнө” музейи менен тааныштырды. Ал жерде ыр-күү уюштурулуп, мөмө, жашылча - жемиштердин көргөзмөсү даярдалган экен.

Андан ары Анжиян мамлекеттик университетининин студенттери менен жолугушуу болуп, окуу жайдагы кыргыз филологиясы факультетин көргөзүштү. 

Кийин кыргыз делегациясын шаардагы “Достук" үйүндө коноктоп, ал жердеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен кездештирди.

Өтө чукул уланган иш-чаралар Андижан салтанат сарайында өзгөчө сый тамак менен коштолду.

Дасторкон четине кыргыз делегация өкүлдөрүнөн сырткары жергиликтүү активдер, аксакалдар жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү да отургузулду.

Тамактануу бүткөнчө эки тараптын ырчы-бийчилери өнөрлөрүн тартуулап турду.

Кыргыз ырчысы Самара Каримова менен өзбек ырчысы Зиёда. 

Анжиянга барган Ош мэри Айтмаматов Кадырбаев жана кыргыз делегациясынын мүчөлөрү. 

Эки өлкөнүн Анжиянда жолуккан делегация жетекчилери баарлашуу учурунда.  

Түнкү Анжиян. 

​​Күндүн экинчи жарымында кыргызстандыктар Анжияндын темир жол бекетин жана Өзбекстандын өзүндө өндүрүлгөн электр поезддерин жакындан көрүштү.

Чогулгандар өзгөчө жаркын маанайда кеп куруп, сүйлөшүп жатышты. Эки өлкө ортосундагы мамилени чыңдоого жетекчилерден мурда карапайым адамдар өтө кызыкдар экени жүздөрүнөн байкалып турду.

Соңунда эки тараптын расмийлери протоколдук отурумга чогулуп, эки өлкө ортосундагы айрым жагдайларды жана маселелерди талкуулады. Натыйжада эки тарап өз ара кызматташууну жакшыртуу боюнча меморандум кабыл алышты.

Ага Кыргызстан тараптан Ош облусунун жетекчиси Таалайбек Сарыбашев, Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев, Жалал-Абал облусунун жетекчи орун басары Мамасалы Акматов жана Өзбекстан тараптан Анжиян облусунун акими Шухратбек Абдурахманов, Наманган облусунун акими Хайрулло Бозаров, Фергана облусунун акими Шухрат Ганиевдер кол коюшту. Маалым болгондой, эки өлкөнүн так ушул облустары бири-бири менен чектешет.