Москва: синагогага кол салган адам кармалды

Жөөттөр диний майрам учурунда сыйынып жатышат. Украина

Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлиги кабарлады.

1-октябрда Москванын борборундагы синагогага кол салуу болгон. Ага шектелип Королёв шаарынын 40 жаштагы тургуну кармалды.

Маалыматка караганда, бул адам менен күзөт кызматкерлеринин ортосунда чатак чыгып, шектүү бир нече жолу пневматикалык тапанчадан ок чыгарган. Андан күзөтчүлөрдүн бири жаракат алып ооруканага жеткирилген. Калгандары кол салган адамды кармашкан.

Москвадагы жөөттөрдүн диний коомунун аткаруучу директору Елена Беренсон кол салган адам синагога жетекчилеринин бири менен таанышууга аракеттенгенин айтканын "Интерфакс" кабарлады.

Буга чейин белгисиз адам синагогага кирип барып, ок ачканы жана бензин чачып өрттөй турганын айтып коркутканы маалымдалган. Синагога ичинде 150 адам болгон. Азыркы тапта милиция окуянын чоо-жайын териштирүүдө.