Бишкекте “Чек арасыз дарыгерлер” уюмунун сүрөт көргөзмөсү ачылат

Иш-чара аталган эл аралык гуманитардык уюмдун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн 10 жылдыгына арналган. Ала-Тоо аянтында бүгүн башталган көргөзмө 11-октябрга чейин уланат. Эки жума бою куралдуу жаңжал, жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга жана медициналык тейлөө мүмкүнчүлүгү жокторго көрсөтүлгөн жардамдарды чагылдырган сүрөттөр көрсөтүлөт. Бул тууралуу уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады. (NT)