Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинде "Өткөндү коргоо - келечекти жандандыруу" аттуу тарыхый шаарлардын сүрөт көргөзмөсү өтүүдө.
Тарыхый шаарлар Оштогу көргөзмөдө



Көргөзмөгө Ыраакы Чыгыш, Жакынкы Чыгыш, Африка жана Азиядагы белгилүү тарыхый калаалардын жана тарыхый жайлардын сүрөттөрү коюлган.


"Ага Хан" фонду тарабынан уюшулган иш-чара жаштарды тарыхка кызыктыруу жана дүйнө маданиятын кыргызстандыктарга таанытуу максатын көздөйт.
Көргөзмө 30-сентябрга чейин ОшМУда, андан ары Сулайман-Тоо архитектуралык музейинде уланат. Кирүү акысыз.