27-сентябрда Кыргызстандын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9...+14, күндүз +24...+29,
Талас жергесинде түнкүсүн +6...+11, күндуз +23...+28,
Баткен облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +28...+33,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +27...32,
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +17...+22,
Нарын дубанында түнкүсүн +3...+8, күндуз +19...+24,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...-9, күндүз +3...+8 градус болот.
Бишкек шаарында ала-булут каптап турат, жаан-чачын болбойт. Абанын табы түнкүсүн +10…+12, күндүз +26…+28 градус болот.