Өзбекстандын Чек ара иштери боюнча өкүлдөрү бүгүн Кыргызстанга кайрылып, аба мейкиндигиндеги кесилиштен тик учакта өтүүгө уруксат сурады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.
-Бизге өзбек тарап кабарлагандай, алардын аскер кызматкери Сох анклавында автокырсыкка кабылган. Аны Өзбекстандын негизги аймагына алып кетүү үчүн Кыргызстан аркылуу тик учакта өтүү керек. Кыргызстан коңшулардын суранычына макулдук берди,- деди Бөрүбаева.
Өзбекстандын Сох анклавы Кыргызстандын ичинде жайгашкан. (SE)