Баткен шаарында авто унаа салыгына болгон төлөм 25,1 пайызга көп аткарылды. Бул тууралуу шаардык салык кызматынан «Азаттык» радиосуна билдиришти.
Маалыматка караганда, быйылкы жыл үчүн 1 миллион 772 300 сомго план коюлган болсо, бүгүнкү күндө 2 миллион 216 700 сом жыйналган. Ашык топтолгон 444 400 сом каражат да жергиликтүү бюджетке түшкөн. Салык кызматкерлеринин айтымында, азыр авто унаа ээлери салык төлөөгө активдүү катышып жатат.
1-октябрга чейин салыкты өз убагында төлөбөгөндөр боюнча патрулдук милиция кызматкерлери рейд жүргүзүшөт. (JsA)