1-октябрдан тарта жөлөкпул 15% көбөйөт

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымдашы боюнча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү 810 сом болот. Бул тууралуу өкмөттүн токтому 21-сентябрда жарык көрдү.

Министрлик жөлөкпулдун көбөйүшү жакыр жашаган үй-бүлөлөрдү колдоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтет жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоосун жакшыртууга шарт түзөт деп эсептейт.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары ушул тапта айына 705 сомдон алышат. Кыргызстанда аз камсыз болгондугу үчүн жөлөкпул 88 миң үй-бүлөгө же 272 000 балага берилет.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда калктын 1,2% жакыр жашайт.(ZKo)