Египеттин жээгинде мигранттар түшкөн кеме чөгүп кетти

Иллюстративдик сүрөт.

Анын бортунда 600 мигрант болгон. Куткаруучулар суудан 150 гана кишини алып чыгышкан, алдын ала маалыматтар боюнча, кырк чакты киши чөгүп кеткен. Reuters маалымдагандай, сууга чөккөндөрдү издөө иштери уланып жатат. Кемеде Египет, Сирия жана Африка өлкөлөрүнүн тургундары болгон. Алар Италияны көздөй сапар алышкан деп билдирет агенттик.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, жыл башынан бери Жер ортолук деңизинде үч миңден ашуун мигрант Европаны көздөй бара жатып, сууга чөгүп өлдү. Ошондой эле бул аралыкта 200 миңден ашуун киши деңиз аркылуу мыйзамсыз өткөн.