Нью-Йорктогу жардырууга байланыштуу теги оогандык АКШ жараны изделүүдө

Теги ооган АКШ жараны Ахмад Хан Рахами

Нью-Йоркто 17-сентябрда болгон жардырууга байланыштуу 28 жаштагы киши изделип жатат. Ал теги ооган АКШ жараны Ахмад Хан Рахами экенин расмий адамдар билдиришти. Жергиликтүү полиция анын сүрөтүн таркатты. Шаардын мэри Билл де Блазио ал адам куралчан жана кооптуу болушу мүмкүн деп эскертти.

17-сентябрда болгон жардыруудан 29 киши жараланган эле. Тергөөчүлөр маалымдагандай, колго жасалган бомба спорт дүкөндөрүндө сатылган Таннерит деген зат менен дүрмөттөлгөн. Ошондой эле ал бомба Бостон марафону учурунда колдонулган жардыргычтарга окшош болуп чыкты. Ошол эле күнү Нью-Жерсиде чакан бомба жарылып, аскерлердин соопчулук иш чарасы башка күнгө которулган. Расмий өкүлдөр ал кол салууларды эл аралык террордук уюмдар менен байланыштырган далилдер азырынча жок дешүүдө. Бүгүн ошол эле Нью-Жерсиде темир жол вокзалында акыр-чикир арасында табылган шектүү буюм робот аны зыянсыздандырууга аракеттенгенде жарылып кетти.

Элизабет шаарынын мэри Кристиан Болвэйж жардыргыч заттар боюнча адистер баштыкка салынган беш жабдыкты текшерип жатканда бирөө жарылганын билдирди.