Шарты катаал аймактарда иштегендерге кошумча акы төлөнөт

Баткендеги Зардалы айылы.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 19-сентябрда “Эмгек кодексине” киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырды. Анда бийик тоолуу, шарты катаал аймактарда эки ставкада иштеген дарыгерлерге кошумча акыны кайтаруу каралган. Мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Жанар Акаев муну менен катаал шартта иштеген дарыгерлердин абалын жакшыртуу максат кылынып жатканын билдирди.

Буга чейин Эмгек кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, кошумча акы алынган болчу. Ага Нарын жана башка бийик тоолуу аймактардагы дарыгерлер нааразы болушуп, бир нече жолу акцияга чыгышкан.