Машинанын "жүрөгүн" сезген Юлдуз
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
17 жаштагы Юлдуз Байбабаеваны Ошто “машинанын кардиологу” деп атап коюшат. Анткени ал автоунаанын моторун ийне-жибине чейин билет. Айрым эркектер түшүнө бербеген карбюратор, инжектор, коллектор деген тетиктерди Юлдузхан бир заматта оңдойт. Байбабаеванын мындан башка да өнөрлөрү тууралуу ушул видеобаянда сөз болот.