Басмаканадагы өрт боюнча дагы бир адам камакка алынды

Өрттө көз жумган кыргызстандыктар

“Печатный экспресс” типографиясынын башкы инженери Антон Яцков соттун чечими менен 27-октябрга чейин камалды. Ал бир нече күн мурун тергөөгө өзү келген, бирок айыбын мойнуна алган эмес.

6-сентябрда аталган типографиянын жетекчиси Сергей Москвин камалган. Орусиялык маалымат каражаттары Яцковдун адвокаттары соттун чечимин бузуу өтүнүчү менен жогорку инстанцияга кайрылышканын жазып чыгышты.

27-августта Москвадагы басмаканада чыккан өрт 17 адамдын өмүрүн алды. Алардын ичинен 14ү кыргызстандык кыз-келиндер болгон. Бул факт боюнча Орусияда «Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, атайын тергөө тобу түзүлгөн. Москва шаардык прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө өрттөн каза болгон он аялдын борбордо каттоосу болбогону, басмакананын аймагында мыйзамсыз курулган 11 объект бар экени аныкталган. (ZKo)