АКШ менен Орусия Сириядагы тынчтык келишимин узартууну макулдашты

Сирия.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Сириядагы тынчтык келишимин дагы 48 саатка узартууну макулдашты. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Лавров менен Керри телефон аркылуу сүйлөштү. Орус тарап АКШ колдогон оппозиция күчтөрүн экстремисттик «Жебхат ан-Нусра» тобунан бөлүү зарылдыгын билдирди. Ал эми АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонер Сирияда кагылышуулар болуп жатат деген айрым маалыматтар бар болгону менен негизинен ок атууну токтотуу режими сакталып, курмандыктар бир топ азайганын маалымдады.

Шаршембиде БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун АКШ менен Орусияны сириялыктарга тез арада гуманитардык жардам жеткирүүгө көмөктөшүүгө чакырды.

9-сентябрда Женевадагы сүйлөшүүлөрдө Москва менен Вашингтон Сирияда ок атышууларды убактылуу токтотуу боюнча мунаса тапкан. Ок атпоо режими 12-сентябрдан тарта күчүнө кирген.