Паралимпиада: Жыргалбек Орозбаев алтынчы орунду алды

Жыргалбек Орозбаев.

Пауэрлифтинг боюнча кыргызстандык спортчу Жыргалбек Орозбаев 14-сентябрда күч сынашты. Паралимпиада оюндарынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Орозбаевге алтынчы орун тийди. Жалпысынан 107 килограммга чейинки салмактагылар арасында он спортчу таймашты. Алгачкы үч орунду грекиялык Павлос Мамалос, египеттик Мохамед Ахмед, ирандык Али Садегзадесалмани ээледи. Буга чейин пауэрлифтинг боюнча кыргызстандык спортчу Эсен Калиев бешинчи орунду алган.

Риодо 7-сентябрда башталган паралимпиадалык оюндарга Кыргызстандан үч спортчу барган. Алардын бири жеңил атлетчи Арстанбек Базаркулов чоюн ыргытуу боюнча утулуп калды. Өкмөт 1-8-орун алып кайткандарга атайын сыйлык берүүнү убада кылган эле. 15-Паралимпиада оюндары 18-сентябрда аяктайт. (NT)