Исаев-Төрөбаев: Коалиция бузулган жок

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга кирген КСДП, "Ата Мекен", "Кыргызстан" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынын лидерлери жабык жыйын өткөрдү. Жыйында лидерлер коалициянын тагдырын, анын төрагасын шайлоону талкуулашты. Көпчүлүк коалициянын төрагалыгына Кыргызстан фракциясынын лидери Канат Исаев шайланды. Бул тууралуу жабык жыйындан кийин "Өнүгүү-Прогресс" жана "Кыргызстан" фракцияларынын башчылары Бакыт Төрөбаев менен Канат Исаев журналисттерге билдирди.