Түркиянын Анталия шаарынан келген Кызыл Ай коомунун өкүлдөрү Курман айтка карата бүгүн Таластагы жетим-жесирлер, багар-көрөрү жок үй-бүлөлөргө тамак-аш таркатты.
Кайрымдуулук иш-чарасына 700дөй тургун катышты. Маалыматка ылайык, мындай саамалык республиканын башка аймактары менен жалпысынан дүйнөнүн 38 мамлекетинде уюштурулду. (AlS)