Түркмөнстан Конституциясына өзгөртүү киргизди

Түркмөнстан.

14-сентябрда Түркмөнстандын Аксакалдар кеңеши сунушталган өзгөртүүнү жактады. Кабыл алынган өзгөртүүгө ылайык президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылып, 70 жашка чейин талапкерлерге катышууга жол берилди. Президент Бердымухамедов кабыл алынган мыйзамга ошол эле замат кол койду. Экинчи президенттик мөөнөтү 2017-жылы аяктай турган 59 жаштагы Бердымухамедов үчүн жаш мөөнөтүн чектөө кайрадан шайлоого катышууга тоскоолдук болуп жактан.

Гурбангулы Бердымухамедов 2006-жылдан бери Түркмөнстанды башкарып келатат. Бул өлкөдө бир дагы жолу шайлоо демократиялык болбогону жана ал эң эле катаал көзөмөл астындагы мамлекет катары аталып келет. (AiT)