Миграция: түгөнгөн өмүр, төгүлгөн көз жаш

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Москвадагы 14 кыргызстандык кыз-келиндин өлүмү убагында катуу талкууланып, эми унутулуп бараткандай. Бирок маселе дагы эле чечилбей кала берди. Мындай окуя экинчи кайталанбайт деген кепилдик жок. Мигранттар кабылган кырсыктарга ким жооп берет? Акыркы окуядан кандай сабак алышыбыз керек? "Азаттык+" миграция маселесин талкуулады.