Референдум өткөрүүгө каршы күчтөр элдик кыймыл түздү

Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан бардык саясатчылар, оппозициялык, улуттук патриоттук күчтөр, жарандык коом жана жаштар кыймылдарынын өкүлдөрү бирикти. Алардын катышуусунда "Референдумга - жок!" деп аталган элдик кыймыл түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, аталган кыймылдын мүчөсү Равшан Жээнбеков "Азаттык" радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, Конституцияны өзгөртүүгө каршы болгондор биригүү боюнча буга чейин өз ара сүйлөшүү жүргүзүшкөн жана 13-сентябрда бир пикирге келишти. Жаңы түзүлгөн кыймыл 8-октябрда элдик курултай өткөрөт. Аны уюштуруу тобу да түзүлүп, анын курамына Элмира Ибраимова, Рита Карасартова, Кадыр Кошалиев жана Мавлян Аскарбеков шайланды.

27-июлда парламенттеги КСДП, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана "Бир бол" фракцияларынын лидерлери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун өз ара макулдашып, ал коомдук талкууга коюлган. Баш мыйзамды өзгөртүүгө оппозициялык күчтөр, жарандык коом, Убактылуу өкмөттүн бир катар мүчөлөрү каршы чыгып, бул аракет бийликти узурпациялоого кептей турганын айтып келишет. (NT)