Нарын: жаңы оорукана ишке берилди
Спикер Чыныбай Турсунбеков республика боюнча жаңы үч оорукана салынып жатса, анын бири ушул имарат экенин айтты. Ал неврология бөлүмүнө Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан 100 миң сом тапшырды.
Бөлүмгө керектүү болгон медициналык аппараттар, анын ичинде жаңы кардиомонитор, дефибриллятор, эхоэнцефалоскоп, электроэнцефалограф, транскраниалдык доплер сатылып алынды.
Неврология бөлүмү облус боюнча бир гана Нарын шаарында бар. Бөлүмдүн эски имараты 50 жыл мурун салынгандыктан (1964-жылы), санитардык-гигиеналык нормаларга туура келбей, авариялык абалда турат.
Оорукананын курулушуна 62 млн сом жумшалган, анын ичинен 7,5 млн сомго эмеректер жана медициналык аппараттар алынды.
Облусттук биргелешкен оорукананын маалыматы боюнча, бир жылда ооруканага 1700дөн ашык оорулуу жатса, анын 200гө жакыны жүрөк-кан тамыр оорулары менен келгендер.
Оорукананын курулуш иштерин «ЭКА РАС-5» фирмасы жасады.