Ташкендеги мечитке Ислам Каримовдун аты коюлат

Ислам Каримовдун аты коюлчу мечит.

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун ысмы Ташкендеги мечиттердин бирине коюларын кызы Лола Каримова-Тилляева Фейсбукка кабарлады.

"Уламалар кеңеши жана коомчулук мечитти Өзбекстандын биринчи президенти, менин атам Ислам Каримовдун урматына “Ислам-Ата” деп атоону сунушташты”,- деп жазат Каримова-Тилляева.

2015-жылы бүтүндөй өрттөнүп кеткен мечит учурда оңдолуп жатканын Лоланын баракчасындагы сүрөттөрдөн көрүүгө болот.

Өзбекстанды 27 жыл башкарган Ислам Каримовдун дүйнөдөн өткөнү 2-сентябрда расмий кабарланган.