Сирия: тынчтык келишиминин алгачкы түнү тынч өттү

Сирия

Сирияда ок атышпоо келишими күчүнө киргенден кийинки алгачкы түн тынч өткөнү кабарланды.Сириядагы адам укуктары боюнча британиялык обсерватория 12-сентябрдын кечинен тарта дээрлик бардык фронттордо тынчтык өкүм сүргөнүн билдирет.

Келишим АКШ жана Орусиянын ортомчулугу менен ишке ашкан. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри аны “Сирияны бүтүн сактап калуунун акыркы аргасы” деп баалаган эле.

Биринчи түндөгү ийгиликти комментарийлеп жатып Керри жыйынтык чыгарууга өтө эрте экенин белгиледи.

Ок атышпоо режими бир жума бузулбай сакталса, АКШ жана Орусия Сириядагы Жебхад Ан-Нусра фронту жана “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы координациялык аба соккуларын баштамакчы. Тынчтык келишими аталган эки топко тиешелүү эмес.

Беш жылдан ашуун убакыттан бери токтобой келаткан Сириядагы жарандык согуш 250 миңдей адамдын өмүрүн алды.