Ходорковский "Путиндин ордуна" долбоорун баштады

Михаил Ходорковский

Кремлдин сынчысы Михаил Ходорковский бүгүнтөн тарта "Путиндин ордуна" деген долбоорун баштады. Максат - 2018-жылы президенттик шайлоодо Владимир Путинге атаандаш боло алчу талапкерди тандоо.

Долбоор интернет аркылуу да иштейт. Каалоочулар сайтка кирип, өз талапкерине добуш бере алат.

Талапкерлердин тизмесине ПАРНАС партиясынын башчысы Михаил Касьянов, Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун негиздөөчүсү Алексей Навальный жана "Яблоконун" башчысы Григорий Явлинский бар.

Ходорковский өзү талапкерлигин койбой турган болду.

Бул демилгени комментарийлеп жатып орус президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков "долбоорду орус реалдуулугунан таптакыр артта калган адамдар ойлоп тапты" деди. (RK)