Кыргызстанда Курман айт белгиленүүдө

Бишкектеги эски аянтта бүгүн майрамдык айт намаз саат 8.00дө башталып, ага миңдеген адамдар келди. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, башкалаа мэри баштаган бийлик өкүлдөрү да катышты. Президент Алмазбек Атамбаевдин кыргызстандыктарга жолдонгон куттуктоосун премьер-министр окуп берди. Айт намазга келгендер саат 06.30дан тарта чогулуп, 07.30га чейин аалымдар дин, шарият боюнча насааттарды айтышты. Таң эрте Бишкектин Тыныстанов, Панфилов, Фрунзе жана Чүй көчөлөрүнүн борбордук бөлүктөрүндө автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, коопсуздукка 3 миң милиция кызматкери көз салып, эл көп жүргөн жерлерде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Бүгүн – 12-сентябрда мусулмандар Курман айт майрамын белгилеп жатышат. Өлкөнүн бардык аймактарында мечиттерде, чоң шаарлардагы борбордук аянттарда да Курман айт намазына эркектер чогулуп, ибадат кылышты.Курман айт – мусулман коомчулугунун ири майрамы болуп саналат. Кыргызстанда бул күнгө карата 12-сентябрь дем алыш деп жарыяланган. (NT)