Саудия перси тилинде телеканал ачты

Саудияга каршы Тегерандагы демонстрация. 9-сентябрь, 2016-жыл.

Берүүлөрү спутник аркылуу таратылуучу телеканалдын ишинин башталышы быйылкы ажылык зыяратка туш келди. 24 саат иштей турган телеканал ажылык зыяраттын жөрөлгөлөрүн, Меккенин башкы мечитиндеги намазды чагылдырат.

Саудиянын маалымат жана маданият министри Адел-ал-Турайфинин айтымында, алар жаңы телеканалды ачууда дүйнөдө перси тилинде сүйлөгөндөр азыр 130 миллион адамга жетерин эске алды. Телеканалдын берүүлөрү Ирак, Иран, Ооганстанга радио жана интернет аркылуу да таратылмакчы.

Быйылкы ажылык зыяраттын алдында Сауд Арвия менен Ирандын мамилеси кайрадан чыңалып, ортодо кайым айтышуу орун алды. 64 000 миң орун тийген Иран быйыл ажылыкка зыяратчыларын жиберген жок жана муну коопсуздук маселеси боюнча эки өлкө тил табыша албаганы менен түшүндүрдү.

Былтыркы зыярат учурунда тебелендиде өлгөн 2300 адамдын ичинен эң көбү Ирандын жарандары болгон. (UE)