Майып жигиттин "онлайн бизнеси"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарындагы Большевик айылынын тургуну Рахат Үсөнкожоев алты жыл мурда кырсыкка кабылып, буту баспай калган. Ага карабай колунан көөрү төгүлгөн уста кайыштан баштык, камчы, куржундардын түрүн жазайт. Рахаттын кардарлары буюмдарды көбүнчө интернет аркылуу буйрутма кылат.