Нарында сууга агып кеткен адамдын сөөгү табылды

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрда Нарын районунун Ийри-Суу айылынын 26 жаштагы тургуну Cүйүнбек уулу Канимет Нарын дарыясынан отун алып жаткан жеринен агып кеткен. Куткаруучулар жана туугандары катышкан издөө иштеринин натыйжасында эки күндөн кийин сөөгү табылды. (BkA)