Молдова өкмөтү Приднестровьенин Орусиянын курамына кирүү тууралуу декларациясын таануудан баш тартты.Тирасполдун расмий маалыматына караганда, 10 жыл мурда өткөн референдумда Приднестровьенин шайлоочуларынын 97% Орусияга кошулуу ниетин билдирген.
Кишинев 2006-жылдагы ал референдумду жикчилер мыйзамсыз негизде уюштурган деген көз карашта. Тирасполдун айткандарын Кремль азырынча комментарийлей элек.
1990-жылы Молдавиядан көз каранды эместигин жарыялаган Приднестровье Орусия менен чектешпейт. Аны орус жеринен Украина бөлүп турат.
Эл аралык коомчулук Приднестровьени Молдовага таандык деп тааныйт. (RK)