Түндүк Корея эң ири ядролук бомбасын сыноодон өткөрдү

Түндүк Корея, апрель-2016

Түндүк Корея өз тарыхындагы бешинчи ядролук бомбаны сыноодон өткөргөнүн жарыялады. Мамлекеттик маалымат каражаттары бүгүн, 9-сентябрда өлкөнүн түндүгүндөгү полигондон ядролук программа тарыхындагы эң ири бомба тесттен өткөрүлгөнүн расмий кабарлады.

Буга чейинки төрт сыноо да ошол Пангири деп аталган аймакта жүргүзүлгөн. Бүгүн ал жерде күчү 5,3 баллга жеткен сейсмикалык активдүүлүк байкалды.

Түштүк Корея Пангириде бүгүн буга чейин болуп көрбөгөндөй катуу жарылуу катталганын билдирди. Расмий Сеул жана Токио муну "кооптуу жана олуттуу чагым" деп атады. Кошмо Штаттар оор кесепет болушу ыктымалдыгын эскертти. Ал эми Пхеньяндын жалгыз ири өнөктөшү Кытай ядролук куралды жайылтпоо тууралуу убаданы сактоого чакырды. (RK)