Баш мыйзамды өзгөртүү маселеси рэп-айтышта ырдалат

Кыргызстандын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана кыз ала качуунун күнгөй-тескейи Бишкекте 10-сентбярда өтө турган рэп-айтыштын негизги темасы болот. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аны уюштуруп жаткан Борбор Азиядагы дебат бирикмесинен кабарлашты. Рэп айтышуу жаштар аллеясында, “Көз караш” деп аталган чоң көз айнектин жанында саат 14:00дө башталат. Ага каалагандардын баары катышууга акылуу.

Анын максаты – коомдогу көйгөйлөргө жаштарды чыгармачыл ыкма менен тартуу.

“Мындай бейформал талкуу жаштардын өз оюн түрдүү жолдор менен эркин билдирүүгө жол ачат”,- деп маалымдады уюштуруучулар.

Иш-чараны “Сорос-Кыргызстан” фонду колдоого алган.