Обама беделине шек келтирчү сөз айткан Филиппин президенти менен жолукту

АКШ президенти Барак Обама АСЕАН уюмунун саммитинде Филиппин президенти Родриго Дутерте менен кыска убакытка жолугушканы кабарланды. Мурдараак Дутертенин Обаманын беделине шек келтирген орой сөздөрүнөн кийин АКШ тарап сүйлөшүүдөн баш тарткан эле.

Обама Филиппин лидерин маңзатка каршы күрөшүүдө жүздөгөн адамдар өлүп жатканына байланыштуу сынга алган.

- Маңзат соодасы менен күрөштүн маанилүүлүгүн жана жоопкерчилигин түшүнөбүз. Бирок биз дайыма аны мыйзамга ылайык жүргүзүүгө чакырабыз, - деген эле АКШ лидери.

Кездешүү болбосу айтылгандан кийин, шейшембиде Дутерте кечирим сурап, кызуу кандуулукка алдырып айткан сөздөрү үчүн өкүнүп турганын билдирген.

Президенттик кызматты ээлеген эки ай ичинде Дутерте башка да алабарман билдирүүлөрү менен эсте калды.

Түштүк-Чыгыш Азиядагы он өлкөнүн башын кошкон АСЕАНдын саммити коопсуздук темаларына арналды. Лаосто өткөн жыйынга 18 өлкө лидерлери катышты. Орусиядан премьер-министр Дмитрий Медведев барды. (MTo)