8-сентябрда Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасы менен сенатынын биргелешкен жыйыны болот. Анда өлкө президентинин милдеттерин убактылуу аткаруучуну дайындоо маселеси каралат.
Өлкө Конституциясынын 96-беренесинде «президент өз кызматын аткара албаган учурда анын милдеттери менен ыйгарым укуктары үч айлык мөөнөткө убактылуу Олий Мажлис сенатынын төрагасына жүктөлөт» деп жазылган.
Учурда Өзбекстандын Олий Межлис сенатынын төрагасы- Нигматилла Юлдашев.
Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов 2-сентябрда дүйнө салып, сөөгү 3-сентябрда Самаркандагы Шахи-Зинда мүрзөсүндө жерге берилген.