Сирия: Хамадан качкандардын саны 100 миңге жетти

Алеппо

Согуштук аракеттерден улам Сириянын батышындагы Хама провинциясынын 100 миңге жакын жашоочусу үйлөрүн таштап кетти. Бул тууралуу шаршембиде БУУ билдирди. Маалыматка караганда, Хаманын түндүгүндө көтөрүлүшчүлөр исламчыл согушкерлерге каршы сокку урууну улантууда. Алар Халфайя шаарын бошотууга жетишкен.

Шейшембиде Башар Асад режиминин учактары Алеппо шаарына хлорин кошулмасы бар бомба таштаган. Жыйынтыгында 70 миңден ашык жай тургун, анын ичинде аялдар менен балдар да жабыркаган. Дамаск уулуу заттарды колдонгонун четке кагып, ага көтөрүлүшчүлөрдү айыптоодо. Алеппо экиге бөлүнгөн бойдон турат, бир бөлүгү Асаддын режиминин, экинчиси куралдуу оппозициянын көзөмөлүндө.