Жалал-Абадда көп сандагы мал уурдаган топ кармалды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Сузак райондорунун аймагынан быйыл август жана сентябрь айларында 10 баш бодо мал жана 1 жылкы уурдаган кылмыштуу топ колго түштү. Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, малын уурдаткан жарандар жалпысынан 400 миң сомго жакын зыянга учурашкан.

Кармалгандар Ноокен жана Сузак районунун 20-24 жаштагы тургундары. Алар мурда соттолгону белгилүү болду. Келтирилген материалдык зыяндар төлөнүп жана уурдалган малдар ээлерине кайтарылды. (RsK)