Эгемендик сынагынын жеңүүчүлөрү

“Брюс Ли, Виктор Цой менен ооругам” блогу үчүн ​Айсулуу Көкөева башкы сыйлыкка татып,  ноутбук менен сыйланды. 

“Кумжардам” жана башка бир катар блог-аңгемелерин жиберген Аваз Жусупбеков башкы сыйлыкка татып, ноутбук менен сыйланды. 

“Өкмөттүкү” деп жүрүп, өлкөнү талкаладык” аттуу баяны үчүн Нургазы Мусаев да башкы сыйлыкка татып, ноутбук алды.

Бекмурат Нурдөөлөтов “Күрмөнтүдөгү саясий ачкачылык” деген фотобаяны үчүн жеңүүчү деп табылды. Сыйлыгы - фотоаппарат. 

Сурат Жылкычиев "Азаттыктын" кызыктыруучу сыйлыгына татып, белекке телефон алды. Ал сынакка "Кассага качып кирип аман калгам" деген баянын жиберген. 

Александр Зеличенко сынакка бир канча материалын жөнөткөн. Ал да кызыктыруучу сыйлык - электрондук китеп окуучу курал алды.  

Нурмамат ажы Сапарбаевге "Чындык сөздү айта бар..." деген блогу үчүн кызыктыруучу сыйлык (электрондук китеп окуучу курал) берилди. Анын белегин алуу үчүн "Азаттыкка" кызы келди. 

Бекболсун Нуралиев "Өзбекстандан жүгүмдү араң алып чыккам" деген баяны үчүн телефон, Арзыкан Момунтаева "Эгемендик: абийир алдында отчет" баяны үчүн радиоприемник менен сыйланды. 

 

Елена Көчкөнбаева "Караңгы жолдогу окуучулук издер", Махабат Абдылдаева "Жарым кашык кумшекер​" деген баяндары үчүн да кызыктыруучу сыйлыкка татып, белекке китептер берилди. 

Сыйлык ээлери.

Сыйлык ээлери "Азаттыктын" жамааты менен.