АКШ жана Орусия президенттери Барак Обама менен Владимир Путин Кытайда G20 тобунун саммити алкагында жолугушту.
Эки өлкөнүн лидерлери Сириядагы, Украинадагы кырдаалды, АКШнын киберчабуулдар боюнча кооптонуусун талкуулашты.
- Биз Украинаны да талкууладык. Орусия, Украина, Франция жана Германия катышкан Минск келишими бар. Бирок ал сакталбай жатат. Бул документ аткарылмайынча АКШ санкцияларды токтотпойт, - деди АКШ президенти Барак Обама.
Ошондой эле тараптар эки мамлекеттин башкы дипломаттары мунаса таба албаган маселелер боюнча сүйлөшүүлөрүн улантарын макулдашты. (RK)