Жалал-Абад облустук казыяты Курман айт майрамын белгилөө эрежелери, курмандык чалуу шарттары жазылган буклетти тарата баштады. Муфтияттан билдиришкендей, облустук казыят менен өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү биргеликте даярдаган маалымдамалар диний окуу жайларга, район-шаарлардагы имам-хатибдерге берилди. Алар аркылуу элге жеткирилет.
Кыргызстанда Курман айт 12-сентябрда белгиленет.