Чүй райондук Ички иштер бөлүмүнүн ыкчам иликтөө тобунун өкүлүнө жана участкалык инспекторуна кылмыш иши козголду. Башкы прокуратура билдиргендей, алар шектүүгө зомбулук көрсөткөн деп күнөөлөнүп жатышат.
Маалыматка караганда, 2015-жылдын 6-майында алар Сайлык айылынын тургунун милиция бөлүмүнө алып келишип, уурулукту моюнга алдыруу максатында аны кыйнашкан. Медициналык экспертиза муну тастыктаган.
Бул окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (кыйноо) боюнча иликтөө жүрүп жатат.
Быйыл июлда Бишкек шаарында да кыйнагандыгы үчүн айыпталып, үч тартип сакчысынын үстүнөн кылмыш иши козголгон.
2014-жылы Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун эки аймактык инспектору кыйноо боюнча айыпталып,11 жылга камалышкан. (SE)