Жээнбеков Каримовдун тажиясына катышты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз премьер-министри Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация Өзбекстан президенти Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты. "Азаттык" радиосуна өкмөттөн кабарлашкандай, топтун курамында Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Алимбеков, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, депутаттар Нодирбек Каримов, Анвар Артыков, экс-депутат Бахтияр Кадыров, коомдук ишмерлер Бөрүбай Жураев, Махамаджан Мамасаидов жана парламенттин аппарат башчысы Абдыманап Кутушев болду. Өзбекстанда президент Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу 3-сентябрдан тарта үч күндүк аза күтүү жарыяланган. Маркумдун сөөгү кечээ Самарканда жерге берилди. Өзбекстанды 1989-жылдан бери башкарып келген Ислам Каримов оорудан улам дүйнөдөн кайтканы 2-сентбярда кечинде расмий жарыяланган.