Кырчын жайлоосу оюндарга даяр

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Ысык-Көлдө 3-сентябрда башталды. Анда дүйнөнүн 39 мамлекетинен келген спортчулар улуттук оюндардын 23 түрүнөн күч сынашууда.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын 406 кабарчысы чагылдырууда.

Кырчын жайлоосуна бараткан жолдогу автотыгын. Ушул тапта Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтүүчү Кырчын жайлоосунун жолунда автоунаалар тизилип, жыла албай турушат.

Буга чейин уюштуруучулар оюнга келгендердин унаалары Чолпон-Ата шаарына калтырылып, элди андан ары атайын автобустар ташыйт деп маалымдашкан. Кабарчыбыздын маалыматы боюнча, эл ташыган атайын автобустар көрүнбөйт.