Стивен Сигал Көчмөндөр оюнуна ыктыярдуу элчи болууга даяр

Белгилүү киноактер Стивен Сигал Кыргызстанда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ыктыярдуу элчи болууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу бүгүн Чолпон-Атада президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан кезде айтканын мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда Атамбаев актердун Көчмөндөр оюнуна келгенине ыраазычылык билдирди. Сигал кыргыз тараптын меймандостугу жакканын, Көчмөндөр оюнуна атайын келгенин белгиледи.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-сентябрда Ысык-Көлдө башталды. Анда улуттук спорттун 23 түрүнөн күч сыналат. Салтанаттуу ачылышы бүгүн кечки саат сегиз жарымда болот.