Өзбекстан президенти Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кыргызстандан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган расмий делегация катышат.
Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов кабарлады.
Сооронбай Жээнбеков Самарканд шаарына 3-сентябрда эртең менен жөнөп кетет.
78 жаштагы өзбек лидери Каримов бүгүн, 2-сентябрда дүйнө салганы расмий кабарланды. (RK)