Самарканддагы "даярдык"

Ал арада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 3-сентябрда Кытайга сапарын токтотуп Өзбекстанга барууну көздөп жатканын казак өкмөтүндөгү ишеничтүү булактарга таянуу менен Reuters агенттиги жазып чыкты.

Ал эми Өзбекстандын маданият тармагынын өкүлдөрү Ислам Каримов каза тапканын, өлкө оор жоготууга кабылганын Инстаграм жана Фейсбук социалдык тармактарында байма-бай жазып жатышат.

Ислам Каримовдун мээсине кан куюлуп, ооруканага жаткырылганын өзбек өкмөтү 28-августта кабарлаган. Анын кызы Лола Каримова-Тилляева кийинки күнү Инстаграммдагы баракчасына атасы инсульт алганын билдирген болчу. 

Ислам Каримовдун абалы тууралуу башка эч кандай расмий маалымат берилбегендиктен, имиштер күчөп, айрым маалымат каражаттары өзбек президентинин көз жумганын да кабарлап жиберишкен.

Өзбекстан Конституциясы боюнча президент ишке жарамсыз болуп калганда анын милдетин өзбек парламентинин сенатынын төрагасы аткарат. Сенаттын төрагасы Нигматулла Юлдашев экени белгилүү.

Бирок 31-августта расмий иш-чараларды өкмөт башчы Шавкат Мирзияевдин жетектөөсү анын мураскер болуу мүмкүнчүлүгү жогору дегендердин жүйөсүн арттыргандай болду.