Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкө армиясынын Сириянын түндүгүндөгү операциясы ийгиликтүү жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, жалпысынан 400 чарчы чакырым жер өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топтон тазаланды.
- 400 чарчы километр жер Даештен жана күрт козголоңчуларынын эки тобунан тазаланды. Кыска аралыкта жетишилген бул жеңиш Сириянын эркин армиясы Даешке каршы күрөшө алуусу мүмкүн экенин далилдеди, - деди ал.
"Евфрат калканы" деп аталган атайын операцияны Түркия коңшу Сириянын чек арага жакын аймагындагы Жераблус шаарынан өткөн аптада баштаган.
Расмий Дамаск Анкаранын бул аракетин мамлекеттик суверенитетке кийлигишүү деп баалоодо. Орусия бийлиги да ушундай турумда. (RK)